Жетектөөчү адис
Мекеме
Мамлекеттик органдардын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык (ведомстволук) өкүлчүлүктөрү
Отдел регионального развития
Аймак
Бишкек
Талап кылынган документтердин пакети
- Паспорт
- Диплом
- Эмгек китепчеси
- Жеке арыз
- Резюме
- Автобиография
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты төмөнкү бош административдик мамлекеттик кызмат орундарына
АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ
Регионалдык өнүгүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- жогорку билим - Финансылык экономикалык, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- иш стажына талап коюлбайт;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
- төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;
- “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
- Кыргыз Республикасынын Салык Кодекси
- Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодекси
- “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”;
- “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”
- “КР Улуттук Банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө”
- “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө”
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;
- Билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/ же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө;
- Көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү.
Конкурска катышууну каалагандар төмөндөгү документтерди тапшыруулары зарыл:
· Конкурстук комиссиянын атына арыз;
· Кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы сүрөтү менен;
· Өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
· Резюме;
· Паспорттун көчүрмөсүн;
· Дипломдун көчүрмөсү, мамлекеттик нотариалдык тастыкталган ;
· Эмгек китепчесинин көчүрмөсү, нотариалдык тастыкталган;
· Квалификациясын жогорулатуу жөнүндөгү документтердин көчүрмөсү (эгерде болсо);
· Компьютердик билимин тастыктаган документтер(бар болсо);
· Сунуш каттарын (мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын талабы боюнча);
· Соттуулугу тууралуу тактама:
Керектүү документтерди 2021-жылдын 1-февраль күнү саат 18.00гө чейин төмөндөгү дарек боюнча тапшырсаңыздар болот.
720100, Баткен шаары, Т.Садыков көчөсү-1, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Укуктук камсыздоо жана кадрлар сектору. Байланыш телефону: 5-01-54; 5-00-04
Буга окшош бош кызмат орундар
-
Буга окшош бош кызмат орундар табылган жок