Ведущий специалист

Организация

Центральный аппарат

Территориальные (подведомственные) представительства ГО/ОМСУ

Отдел регионального развития

Регион

Бишкек

Подать заявку

Требуемые пакет документов

  • Паспорт
  • Диплом
  • Трудовая книжка
  • Личное заявление
  • Резюме
  • Автобиография
Набор на должность Ведущий специалист

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты төмөнкү бош административдик мамлекеттик кызмат орундарына

АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

Регионалдык өнүгүү бөлүмүнүн жетектөөчү  адиси

 

1) кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим - Финансылык экономикалык, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

-         Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

-         Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;

-         Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;

-         “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;

-         “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;

-         Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

-         Кыргыз Республикасынын Салык Кодекси

-         Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодекси

-         “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”;

-         “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”

-         “КР Улуттук Банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө”

-         “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө”

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын                     21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

- Билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/ же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү.

Конкурска катышууну каалагандар төмөндөгү документтерди тапшыруулары зарыл:

·        Конкурстук комиссиянын атына арыз;

·        Кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы сүрөтү менен;

·        Өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

·        Резюме;

·        Паспорттун көчүрмөсүн;

·        Дипломдун көчүрмөсү, мамлекеттик нотариалдык тастыкталган ;

·        Эмгек китепчесинин көчүрмөсү, нотариалдык тастыкталган;

·        Квалификациясын жогорулатуу жөнүндөгү документтердин көчүрмөсү (эгерде болсо);

·        Компьютердик билимин тастыктаган документтер(бар болсо);

·        Сунуш каттарын (мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын талабы боюнча);

·        Соттуулугу тууралуу тактама:

 

Керектүү документтерди 2021-жылдын  1-февраль күнү саат 18.00гө чейин төмөндөгү дарек боюнча тапшырсаңыздар болот.

720100, Баткен шаары, Т.Садыков көчөсү-1, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Укуктук камсыздоо жана кадрлар сектору. Байланыш телефону: 5-01-54;          5-00-04

Подать заявку

Похожие вакансии

    Похожие вакансии не найдены