Улуттук кадрлар резерви

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын Улуттук кадрлар резервине киргизүүгө конкурс жарыялайт

Улуттук резерв - мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин (резервдегилердин) тобу.

Улуттук резервде турган адамдардын артыкчылыктары:

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 23-беренесинин 5-пунктуна ылайык, конкурс биринчи кезекте ички жана Улуттук кадрлар резервинде турган адамдардын арасында өткөрүлөт.

Улуттук резерв өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) дайындалуучу кызмат орундарын ээлөөдө, ошондой эле саясий кызмат орундарына дайындоодо колдонулушу мүмкүн.

Мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кесипкөй жана башкарууга даярдалган кадрларды тартуу максатында Улуттук резервге киргизүү үчүн конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:

1. Документтерди кароо;

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүгө компьютердик тестирлөө;

3. Практикалык тапшырма;

4. Аңгемелешүү.

 

Квалификациялык талаптар:

  1. иш стажына карата:

    • Жогорку кызмат орундары үчүн - жалпысынан 5 жылдан кем эмес мамлекеттик же/жана муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 7 жылдан кем эмес иш стажы.

(мамлекеттик органдын статс-катчысынын кызмат оруну үчүн - мамлекеттик же/жана муниципалдык кызматтын башкы кызмат орундарына жалпысынан 5 жылдан кем эмес иш стажы же иштин башка чөйрөлөрүндө 7 жылдан кем эмес жетектөөчү иш тажрыйбасы, бирок ошол эле учурда мамлекеттик же/жана муниципалдык кызматтын башкы кызмат орундарында жалпысынан 3 жылдан кем эмес иш стажы)

Башкы кызмат орундары үчүн - жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.

  1. кесиптик деңгээлине карата:

    • жогорку билим.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер берилет:

  • өзүнүн арызы;

  • тиркемеге ылайык форма боюнча резюме, сүрөтү менен (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын ведомстволук сайтында: www.mkk.gov.kg);

  • нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

  • нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

  • илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

  • паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Ишке жылдык баа берүүнүн натыйжасы боюнча органдын жетекчиси тарабынан сунушталган кызматчылар үчүн кошумча документтер:

  • мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин сунуштамасы;

  • ишке акыркы жылдык баа берүүнүн натыйжасы боюнча кызматчынын ишин баалоо протоколунун персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (протоколдун көчүрмө бөлүгү).

Белгиленген документтерди Бишкек ш. Чүй пр, 122 дареги боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына тапшыруу зарыл. 

1-кабат, №8 кабинет

Тел.: 62-01-30


Эл. почта: kr.sps@mail.ru
Сайт: www.mkk.gov.kg.