Ички кадрлар резерви

Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ички кадрлар резерви жөнүндө маалымат

Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ички кадрлар резерви Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ички кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө жобого ылайык түзүлөт.

Ички резерв - мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кенже, улук жана башкы административдик мамлекеттик кызмат орундарын жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин (резервдегилердин) тобу.

Ички резерв төмөнкүлөрдөн түзүлөт:

- ушул органда административдик кызмат орундарын ээлеген жана ишти жылдык баалоонун натыйжасы боюнча сунушталган кызматчылардан;

- органдын кайра уюштурулганына, штаттын кыскарганына, ден соолугунун абалы боюнча узакка эмгекке жараксыздыгына байланыштуу кызмат орундарынан бошотулган адамдардан;

- бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышкан, жогорку натыйжаларды көрсөтүшкөн, бирок дайындоого сунуш кылынбаган кызматчылардан, ошондой эле башка адамдардан;

- сунуш кылынган кызмат ордунан кызматкер баш тарткан же ал кызмат орду көрсөтүлгөн иш жок болгон учурда ушул кызмат ордун мурда ээлеген кызматчыны ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же соттун чечими боюнча ушул кызмат ордуна калыбына келтирүүгө байланыштуу жумуштан бошотулуп жаткан адамдардан.

Резервдеги адамдын ички резервде туруу мөөнөтү бир жылды түзөт.

Резервдеги адам белгиленген мөөнөттөн мурда ички резервдин курамынан төмөнкү учурда чыгарылат:

- ички кадрлар резервинде турган адамдардын санынын ичинен өткөрүлгөн конкурстун натыйжалары боюнча административдик мамлекеттик бош кызмат орунун же административдик муниципалдык бош кызмат орунун ээлегенде;

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 358 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- жүйөлүү себепсиз окуудан же стажировкадан өтүүдөн баш тартканда;

- квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо курстарына катышуунун натыйжалары боюнча "жакшы" деген деңгээлден төмөн баа алганда;

- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда;

- соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз деп табылганда;

- соттун өкүмү боюнча кызматчы катары иштөөгө же мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын айрым кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынганда;

- мыйзамдуу күчүнө кирген соттун айыптоочу өкүмү менен кызматты улантууну жокко чыгарган жаза кызматчыга карата колдонулганда;

- мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ичинде ротациялоо жүргүзүү учурларынан башка, ал ички резервде турган мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында ээлеген кызматынан бошотулганына байланыштуу;

- өз арызын бергенде.