Купуялуулук саясаты

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Конкурска катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү порталынын пайдалануу макулдашуусу

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Конкурска катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү порталынын пайдалануу макулдашуусу (мындан ары – Макулдашуу) Арыз ээси менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Конкурска катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү порталынын операторунун ортосундагы мамилелерди жөнгө салат.

Макулдашуу Системанын тейлөөлөрүн көрсөтүү жана колдонуу боюнча шарттарын жана эрежелерин аныктайт, Макулдашуу Тараптардын укуктарын жана милдеттенмелерин, ошондой эле Системаны колдонуу шарттарын жана эрежелерин бузгандыгы үчүн Пайдалануучунун жоопкерчилигин белгилейт.

Оператор Арыз ээсине Порталды аталган Макулдашууда жазылган шарттарда колдонууну сунуштайт. Арыз ээси ушул шарттарга макулдугун билдирген учурдан тартып Макулдашуу күчүнө кирет.

  1. Түшүнүктөр жана алардын аныктамалары

    1. Ушул Макулдашууда төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:

      • Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Конкурска катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү порталы (мындан ары – Портал) - Интернет түйүнүндөгү маалыматтык портал. Бул портал Арыз ээлери үчүн Улуттук кадрлар резервине жана мамлекеттик органдардагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы административдик бош кызмат орундарына конкурстар тууралуу маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыз кылат, ошондой эле конкурска катышууга электрондук түрдө өтүнмө тапшырууга мүмкүнчүлүк берет;

      • Арыз ээсинин жеке кабинети - Порталдагы электрондук ресурс, Бул ресурс конкурска катышууга өтүнмө тапшырууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын системалары менен өз ара аракеттенүү үчүн Арыз ээси жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде жеке маалыматтарды камтыйт;

      • Оператор - Порталдын үзгүлтүксүз иштешин, техникалык тейлөө көрсөтүүсүн, анын мазмунун жана маалыматын тандоону камсыз кылуучу юридикалык жак;

      • Арыз ээси - бош кызмат орунга конкурска катышууга өтүнмө тапшыруу максатында Порталга кирүүгө уруксат алган жеке адам.

2. Арыз ээсин каттоо

1. Порталга кирүүгө уруксат алуу үчүн төмөнкү ыкмалардын бирин колдонуу зарыл:

      • Порталда каттоо жолу менен логинди жана паролду алуу;

      • идентификациялык картыны – 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту пайдалануу, ошондой эле жогоруда аталган паспорт жаранга берилип жаткандагы картанын жеке паролун колдонуу менен.

    1. Каттоо үчүн Арыз ээси каттоо формасында сунушталган суроолор боюнча анык жана толук жеке маалыматты берип, бул маалыматты жаңыртып туруу милдетин өзүнө алат (телефондун номери, паспорттун номери жана жеке идентификациялык номери). Эгерде Арыз ээси анык эмес маалыматты көрсөтсө же Оператордо Арыз ээсинин маалыматтары анык эмес же толук эмес деген ойго негиз болсо, анда администрация өз каалосу боюнча Арыз ээсинин эсепке алуу жазуусун жаап коюуга же болбосо Арыз ээсинин эсепке алуу жазуусун жок кылып, Арыз ээсине Порталды пайдалануудан баш тартууга укуктуу.

    2. Кайсы бир далилдөөчү документтер (анын ичинде өзүнүн инсандыгын күбөлөндүргөн документ) көрсөтүлбөй калса жана Оператор мындай көрүнүштү анык эмес маалыматты көрсөтүүгө теңештирсе, анда Оператор Арыз ээси катталып жаткандагы маалыматтарды Арыз ээсинен кайсы болбосун убакытта талап кылууга укуктуу. Арыз ээсинин документтеринде көрсөтүлгөн маалыматтар каттоо учурунда көрсөткөн маалыматтарга дал келбесе, ошондой эле каттоодо көрсөтүлгөн маалыматтар Арыз ээсинин инсандыгын күбөлөндүрүүгө мүмкүндүк бербесе, анда Оператор Арыз ээсине Жеке кабинетке жетүүдөн жана Порталды пайдалануудан баш тартууга укуктуу.

    3. Арыз ээсинин Жеке кабинетинде камтылган Арыз ээсинин жеке маалыматтары Купуялуулук саясатынын шарттарына ылайык Оператор тарабынан сакталат жана иштелип чыгат.

    4. Арыз ээси каттоодо телефон номерин көрсөтөт, бул номерге системага кирүү үчүн пароль жазылган СМС-билдирүү жөнөтүлөт. Бул телефон номери Порталга кирүү үчүн логин болуп саналат.

    5. Арыз ээси өз паролунун купуялуулугун камсыз кылуу үчүн өз алдынча жоопкерчиликти тартат. Арыз ээси Порталдын чегинде же Арыз ээсинин эсепке алуу жазуусунун алдында Порталды пайдалануу менен баардык иш-аракеттери (жана алардын натыйжалары) үчүн өз алдынча жоопкерчилик тартат, буга Арыз ээсинин эсепке алуу жазуусуна жетүү үчүн Арыз ээси тарабынан үчүнчү жактарга кайсы болбосун шартында (анын ичинде келишимдер жана макулдашуулар боюнча) маалыматтарды өз ыктыяры менен өткөрүп берүү учурлары да кирет. Муну менен бирге Арыз ээси Операторду Арыз ээсинин эсепке алуу жазуусуна уруксат берилбеген жетүү жөнүндө же/жана өз паролунун купуялуулулугу кандайдыр бир бузулгандыгы (бузуу жөнүндө шектенүү) туурасында кабарлоону кошпогондо, Арыз ээсинин эсепке алуу жазуусунун алдында Порталда аткарылган баардык иш-аракеттери Арыз ээси өзү ишке ашырган деп саналат.

    6. Арыз ээси Операторду Арыз ээсинин эсепке алуу жазуусуна уруксат берилбеген (Арыз ээсинин уруксатысыз) жетүү жөнүндө же/жана өз паролунун купуялуулулугу кандайдыр бир бузулгандыгы (бузуу жөнүндө шектенүү) туурасында ошол замат кабарлоого милдеттүү. Коопсуздук максатында Арыз ээси Порталда иштөөнүн ар бир сессиясы аяктагандан кийин иштерди Арыз ээсинин эсепке алуу жазуусунун алдында коопсуз бүтүрүүнү өз алдынча жүзөгө ашырууга милдеттүү («Чыгуу» кнопкасы). Оператор маалыматтардын мүмкүн жоготулгандыгы же бузулгандыгы үчүн жооп бербейт, ошондой эле Арыз ээси тарабынан Макулдашуунун аталган бөлүгүнүн эрежелерин бузгандыгы үчүн кайсы болбосун мүнөздөгү башка кесепеттери үчүн жоопкерчиликке тартылбайт.

    7. Пайдалануучу тарабынан өзүнүн эсепке алуу жазуусун колдонуу.

Пайдалануучуда өзүнүн эсепке алуу жазуусун кайта калыбына келтирүүгө, кайталоого жана көчүрүүгө, сатууга жана кайрадан сатууга, ошондой эле кандайдыр бир коммерциялык максаттарда колдонууга укугу жок.

3. Кепилдиктердин жоктугу, жоопкерчиликти чектөө

1. Оператор Порталды пайдалануунун натыйжасында келип чыккан чыгашалардын кайсы болбосун түрлөрү үчүн жоопкерчиликти тартпайт.

2. Оператор Арыз ээси өзүнүн жеке маалыматтарын, анын ичинде каттоо маалыматтарын, үчүнчү жактарга бергендиги жана тараткандыгы үчүн жоопкерчиликти тартпайт.

3. Оператор Арыз ээси Порталда иштеп жаткан учурда өзүнүн аракети же аракетсиздиги үчүн жоопкерчиликти тартпайт.

4. Порталда иштеп жаткан учурда Арыз ээси үзгүлтүксүз Интернет байланышты өз алдынча камсыздоого тийиш. Арыз ээси жагынан пайда болгон үзгүлтүк үчүн Оператор жоопкерчиликти тартпайт.