Электрондук кайрылууларды кабыл алуу жана кароо тартиби

Электрондук кайрылууларды кабыл алуу жана кароо тартиби

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматында (МКК) электрондук кайрылууларды кабыл алуу жана кароо тартиби менен көнүл салып таанышууңузду өтүнөбүз.

  1. МККнын расмий сайты жарандардын электрондук түрдө кайрылуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу каражаты болуп саналат.

  2. Жарандардын МККнын расмий сайты аркылуу электрондук түрдө жөнөтүлгөн кайрылуулары Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майындагы № 67 "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө&quo"; Мыйзамына ылайык каралат жана түшкөн учурдан тартып бир жумушчу күндүн чинде сөзсүз каттоого тийиш.

  3. Жаран өзүнүн электрондук кайрылуусунда өзүнүн фамилиясын, атын, атасынын атын (ал болсо), байланыш телефонун (үй, уюлдук же жумушчу), жашаган дарегин көрсөтүүгө, кайрылуусунун маани-маңызын баяндоого милдеттүү.

  4. Кайрылууну электрондук түрдө жөнөткөн жарандын жеке маалыматтары Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык сакталат жана иштелип чыгат.

  5. Электрондук кайрылуу катталган күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде каралат. Кайрылууну чечүү үчүн атайын текшерүүлөрдү жүргүзүү, кошумча материалдарды суратып алуу же болбосо башка чараларды көрүү зарыл болгон учурларда чечүү мөөнөттөрү демейдегиден башкача тартипте узартылышы мүмкүн, бирок ал 30 календардык күндөн ашпайт. Бул чечим жөнүндө арыз ээсине тийиштүү кабар кат жиберилет.

  6. МККнын компетенциясына кирбеген маселелерди камтыган электрондук кайрылуу катталган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде тийиштүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына жөнөтүлөт. Бул тууарсында арыз ээсине кабар кат жиберилет.

  7. Төмөнкүдөй электрондук кайрылуулар каралбайт:

    • ченемдик эмес лексиканы жана кемсинткен сөздөрдү, ошондой эле учурдагы мамлекеттик түзүлүштү кулатууга жана улуттар аралык жана конфессиялар аралык араздашууларды тутандырууга чакырыктар камтылгандар;

    • 3-пунктта көрсөтүлгөн маалыматтар болбогондор.